• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министрлиги көркөм сүрөт музейдеги "чуулгандуу" көргөзмө боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болгон "чуулгандуу" көргөзмөгө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Министрликтен белгилешкендей, көркөм сүрөт музейи "Кормилица" аталыштагы эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминаллени өткөрүү үчүн өз аянтчасын ижарага берүү менен уюштуруучулардын катарына кирген. Көргөзмөнүн авторлорунун алдын ала ойлогон максатына ылайык, иш-чараны өткөрүү аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

"Экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана коомчулук арасында талкуунун пайда болуусуна өбөлгө түздү. Экспозициянын реалдуу түрдө ишке ашырылышы белгиленген "аялдардын экономикалык эркиндиги" темасынан кыйла өзгөчөлөнүп турарын белгилеп кетүү зарыл. Тилекке каршы, хореография, пантомима, актёрдук пластика чыгармачылык процесстин материалы болгон перфомативдик эстетика уюштуруучулар тарабынан өзгөчө түшүндүрүлүп, өз алдынча интерпретацияланууда. Феминалле өзү провокациянын тилин өзүнчө ыкма, эпатаж катары пайдаланат. Ошондуктан жылаңач денени перфоматив ыкма катары берет. Бул өз кезегинде көрүүчүлөрдү дезориентациялоого түрткү берип, экономикалык эркиндик темасына эч кандай тиешеси жок", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале көргөзмөсү өтүп, анда кыздар жылаңач денесин көрсөтүшкөн. Бул өз кезегинде социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Маданият министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт.

"Чуулгандуу" көргөзмөгө байланыштуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Пикир

Оставить комментарий