• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министрлиги Каримованы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтпөгөнүн билдирди

Коом 0


Бишкек, 14.09.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн Самара Каримованын аты-жөнү бар тизмени көрбөгөндөрүн билдирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында аталган министрликтин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Өзүбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 18-июлда маданият ишмери, артисттер мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүү үчүн 15 жылдан кем эмес стажга ээ болуусу керектиги тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.

“Жаш артисттерди, анын ичинде ырчы Самара Каримованы сыйлаган тизмени президенттин аппаратына министрлик жөнөткөн эмес. Биздин коллегия бул тизмени көргөн эмес. Бул тизме кайдан чыкканы белгисиз. Жаңы мыйзамга ылайык, бардык ведомство, облус жана башка маморгандар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү тизмесин бере алышат. Бирок бул алар тизмени берери менен сыйлык берилет дегендик эмес. Тизме тиешелүү министрлик менен макулдалышы керек”, - деди ал.

Министрликтин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы сахнага чыкканына аз эле болгон жаш аткаруучулардын мамлекеттик сыйлыктарды алып жатканына элдин нааразычылыгы түшүнүктүү деп эсептейт.

Анын айтымында, жылына Маданият министрлигине 600дөн ашуун мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин аты-жөнү келип түшөт. Алардын ичинен комиссия 20га жакынын тандайт. Андан соң бул тизме КР президентинин аппаратына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий