• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Маданият министрлиги кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.

Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда.

"Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери аталган кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек. Бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир берип жатат. Узак убакытка созулган акысыз токтоп калуу аларды башка жумуш издөөгө мажбурлоодо, ал, кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келүүдө. Ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон тасмаларды ижарага алуу жана тасмаларды сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

Белгилей кетсек, 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100 млн сомго бюджетти толтурган.

Пикир

Оставить комментарий