• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлиги китепканаларды маалыматтык борборго айлантууга аракет кылууда

Маданият 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Китепканаларды маалыматтык борборго айлантуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Айылдык китепканаларды маалыматтык борборго айлантуу боюнча иштер жүрүүдө. Театрларды дагы ири бурулуштар күтүп жатат. Туризм багыты боюнча дагы бир топ иштер бар", — дейт Жамакулов.

Ошондой эле Жамакулов маданият жаатында башкаруучулардын адамдык ресурсу аз экенин билдирип, артист адам башкаруучу боло албайт, деди. Коомчулук маданий мекемелерди жетектөө үчүн маданият тармагындагы адамдар келиши керек деген түшүнүктөн арыла элек.

"Мен туризм жаатында иштеп келгем. Мени окуу жайда да, тажрыйбам дагы башкаруучулукка үйрөттү. Көйгөйлөрдү таап чыгуу жана чечүү жолун издөө менен кайсы гана тармакта болбосун иштеп кетүүгө болот. Кеңешчилерим бар, алар маданият тармагында иштеген адамдар. Мындан сырткары, ар бир облуста бирден коомдук кеңешчим бар. 2019-жылы бурулуштук бир канча маселелерди чечебиз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий