• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министрлиги кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак кыргыз тилин өнүктүрүү, мектеп жашынан аны үйрөнүүгө шарт түзүү максатында өткөрүлүүдө.

“Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар поэзия, проза жана котормо жанрлары боюнча кабыл алынат.
Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Чыгармалар 2019-жылдын 8-январынан баштап 1-мартка чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан кабыл алынат.

Чыгармалар басылган түрүндө 5 нускадан кем эмес тапшырылышы керек.

Сыйлык 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Толугураак маалыматты министрликтин сайтынан же байланыш телефондору аркылуу алууга болот.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78;

Байланыш телефондору: 66-03-32, 66-39-15.

Пикир

Оставить комментарий