• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министрлиги: Маданий мурас объектилердин реестри иштелип чыкты

Маданият 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. 2019-жылы маданий мурас объектилердин реестри иштелип чыкты. Бул тууралуу күн мурун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жалпы музей мекеме жетекчилери катышкан жыйында маалым болду.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга министр Азамат Жаманкулов катышып, 2019-жылы музей тармагында аткарылган иштер тууралуу маалымат менен таанышкан.

"Маданий мурастарды сактап келген музейлердин ар бир экспонатын талаптарга ылайык сактоо, коллекцияларды топтоо жана аларды санарипке өткөрүү артыкчылыктуу багыт экендиги белгиленди. Жалпысынан 2019-жылы министрликке караган музейлер тарабынан 9 миң 982 экскурсия, 57 туруктуу жана көчмө 9 көргөзмө уюштурулган. Жыл ичинде музей фондулары 33%га көбөйдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 58 музей бар. Алар республикалык, облустук, райондук жана шаардык категорияларга бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий