• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министрлиги: Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы маданият жана искусство тармагынын ишин артка тартууда

Коом 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы жалпы маданият жана искусство тармагынын ишин артка тартууда деп эсептейт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрликте өлкөдөгү театр тармагынын жалпы көйгөйлөрү талкууланган жыйын болду. Ага министр Нуржигит Кадырбеков жана театр директорлору менен көркөм жетекчилери катышты.

Жыйын онлайн форматы менен коштолуп, ага аймактык драма театрлардын жетекчилери да кошулду.

Мекеме жетекчилери бүгүнкү күндө маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүдө тоскоолдук жаратып жаткан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамынын ченемдерин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Театр тармагында репертуарды жаңылоо, формаларды даярдоо, музыкалаштыруу, режиссердук иштерди жүргүзүү үчүн аталган мыйзамга ылайык, тендер менен гана иш алып баруу шарты каралып калгандыгы айтылды.

Театрлар тапкан акча каражаттар Бюджет кодексине ылайык, толугу менен республикалык казынага кетип, театрды өнүктүрүүгө колдонууга мүмкүн болбой жатканы ишти аксатканы жана заман талабына ылайык штаттык бирдиктерди кайрадан карап чыгуу керектиги белгиленди.

Соңунда маданият тармагына тиешелүү укуктук ченемдик актыларды кайрадан карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлөөрү белгиленип, анын жыйынтыгы менен ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 22 театр оюн-зоок мекемелери бар. 1 - цирк, 1 - опера балет театры, 8 музыкалык драма театр, 7 - драма театр, 2 - куурчак театр, 3 - филармония бар. Алар 2020-жылдын 1- декабрынан тартып, санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өз иштерин жандандырган.

Пикир

Оставить комментарий