• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген “Бактылуу балалык” жумалыгы уланууда

Маданият 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карта “Бактылуу балалык” жумалыгын өткөрүп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жумалыктын алкагында 28-май күнү “Жомок күнү” белгиленди. Анын жүрүшү бүгүн КТРКнын “Баластан” каналында жана министрликтин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлдү.

Анда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, Тынара Абдразаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти Өмүрзак Токтомуратов, “Кыргыз тили” республикалык коомунун президенти Раимжан Курбанов бөбөктөргө түз эфирде жомок окуп беришти.

Мындан сырткары, жомок күнү социалдык медиа да активдүү жүргүзүлүп, жарандар балдар темасындагы жомокторду окуу менен активдүү катышты.

Эске салсак, жумалык 1-июнга чейин уланат.

Бүгүн, 29-май, Сүрөт жана Көркөм тасмалар күнү. Саат 11.00дө “Ботоной” көркөм фильми, 12.30да “Күч бирдикте” мультфильми, саат 14.00дө “Менин сүйүүм” жана “Ботаник” жаш режиссерлор жараткан тасмалар “Баластан” каналы жана министрликтин Фейсбук баракчасында көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий