• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маданият министрлиги телекөрсөтүү тууралуу мыйзамды аткарбаган телеканалдардын лицензияларын алат

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандагы телеканалдардын телеберүүлөрү боюнча мониторинг жүргүздү.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдиргендей, учурда жер үстүндөгү санариптик берүүдө 55 телеканал иштейт.

Ал белгилегендей, телекөрсөтүү боюнча мыйзамда берүүлөрдүн 50%ы мамлекеттик тилде болушу зарыл, автордук укуктар сакталышы керек деген талаптар ж.б. каралган.

"Жалпысынан, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 57 эскертүү жазылып берилди. 2019-жылдын январь айында алгач ирет мониторинг жүргүзүлгөндө 40 телеканалдын 32сине эскертүү берилген. Болгону сегизөө гана мыйзамды аткарып келген. Экинчи ирет мониторинг июль айында болгон. Анда 42 телеканалдын 25ине эскертүү берилген", - деди ал.

Кадырбеков белгилегендей, баардык чогултулган материалдар Монополияга каршы агенттигине өткөрүлүп берилген.

"Башында эки ирет эскертүү жазып бердик. Ага айыппул каралган. Эми алар талаптарды аткарбаса сот аркылуу лицензиялары алынат", - деди ал.

Бүгүнкү күндө Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти, колдонулуучу технологияларга карабай, аналогдук берүүдө жана санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга 765 уруксат кагазын берген. Алардын ичинен 132си (92 телеканал, 40 радиоканал) телерадио уюмдарга жана 633ү телерадиоберүү операторлоруна берилген.

Пикир

Оставить комментарий