• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлиги жакында той өткөрүүнүн жол-жобосун жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги астында түзүлгөн жумушчу топ жакында той өткөрүүнүн сценарийин жарыялайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ведомствонун башчысы Азамат Жаманкулов кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда мааракелерди өткөрүүнүн атайын сценарийинин үстүндө тойлорду өткөрүү боюнча адистер иштеп жатышат.

“Буга чейин ошол жумушчу топ эки жыйын өткөрүп, сынактын алкагында келип түшкөн сунуштардын форматын талкуулоодо. Бирок түшкөн сунуштардын ичинен эң ылайыктуусун көрө алган жокпуз, ошол себептен сунуштар дале түшүүдө”, - дейт Жаманкулов.

Бирок министр белгилегендей, ар бир келип түшкөн сунуш өзүнчө кызыктуу. Мисалы, канча тамак тартылышы керек же канча кошумча бериши керек деген компоненттер бар.

“Комиссия ар бир пункт боюнча иш алып барууда. Бул мыйзам түрүндө бекитилеби же жокпу азырынча белгисиз. Бирок коом өзү ушундай идеяларды колдоп, ошолорду колдонсо жакшы болот”, - дейт Жаманкулов.

Эске сала кетсек, чоң тойлорду токтотуу коомдо көп талкууланып келет. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов Кыргызстанда беш жылга тойлорду өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий