• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министрлиги: “Жакынкы аралыкта музейлер жабылат” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. “Жакынкы аралыкта музейлер жабылат” деген маалымат булактарында тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбейт. Музейлердин ишин жакшыртуу жана кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда Маданият министрлиги музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөрүү боюнча КР өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгуда. Бул министрликтин 2019-жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 116 музей бар (мамлекеттик, ведомстволук, мектеп музейлери жана жеке музейлер). Анын 28и гана Маданият министрлиги тарабынан каржыланса, калган бөлүгү муниципалдык, жергиликтүү жана башка булактардан каржыланат. Токтом долбоор жактырылып, ишке ашкан соң, министрлик өзүнүн карамагындагы мекемелерге көбөйтүлгөн өлчөм менен эмгек акы төлөп баштайт. Ал эми, 2020-жылга карата министрлик тарабынан музейлерге 91 млн сом акча каражаты каралган.

Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан музей кызматкерлери үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.

Алсак, 2020-жылы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейин толук өңдоодон өткөрүү пландалса, М. Фрунзе атындагы мемориалдык музей жаңы форматта иш алып баруусу үчүн атайын концепция иштелип чыкты.

Мындан сырткары Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөттөр жана экспонттар санариптештирилип, жарандарга онлайн режиминде жеткиликтүү болуусу үчүн шарттар түзүлүүдө. Ушундай эле форматты бардык музейлерге киргизүү планы турат.

Пикир

Оставить комментарий