• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Маданият министрлиги жарыкка чыга турган тасмалардын тизмегин жарыялады

Маданият 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тартылып жаткан жана даярдоо процессиндеги тасмалардын тизмегин жарыялады.

Министрликтен билдиришкендей, тасмалар Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган жана тартылууда:

  • Режиссёру Актан Арым Кубаттын “Эсимде” толук метраждуу ойномо тасмасынын тартуу процессти аяктап, монтаждоо иштери жүрүүдө. Хронометражы 90 мүнөт. Сценарийдин авторлору Актан Арым Кубат жана Дальмира Тилепбергенова;
  • Режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарабынан тартылган “Сагынбай Манасчы” толук метарждуу ойномо тасмасы монтаждалууда;
  • Толук метраждуу “Үй сатылат” ойномо тасмасы учурда өндүрүштө. Хронометражы 90 мүнөт. Сценарийдин авторлору Таалайбек Кулмендеев жана Болсунбек Таалайбек уулу, режиссеру Таалайбек Кулмендеев;
  • Дарыгерлер жана ыктыярчылардын эрдиги жөнүндө “Пандемияны биргелешип жеңебиз!” толук метраждуу даректүү тасмасына сынак жүрүүдө. Хронометражы 60 мүнөт;
  • “Эшенаалы Арабаев” аталышындагы толук метраждуу даректүү тасма (портреттик) даяр. Сценарийдин автору жана режиссёру Бекболот Айдаралиев. Хронометражы 50 мүнөт;
  • “Кыргыз киносуна 80 жыл” толук метраждуу даректүү тасма өндүрүштө. Сценарийдин автору жана режиссёру Алмаз Супатаев. Хронометражы 50 мүнөт;
  • “Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы” аталышындагы (сынактын негизинде) кыска метраждуу даректүү тасма даяр. Сценарийдин автору жана режиссёру Нарын Айып. Хронометражы 40 мүнөт;
  • “Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналат” (юбилейлик) кыска метраждуу даректүү тасманы тартуу процесси жүрүп жатат. Хронометражы 20 мүнөт;
  • Уулуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен биргеликте Асел Жураеванын толук метраждуу “Теңирберди” (хронометражы 90 мүнөт) жана Эльдияр Мадакимдин кыска метраждуу “Эне” ойномо тасмалары даяр. Аталган тасмалардын премьерасы күтүлүүдө.

Эске салсак, режиссёр А.Сүйүндүковдун “Шамбала” толук метраждуу ойномо тасмасы, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” толук метраждуу ойномо тасмаларынын улуттук премьерасы өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий