• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлигинде С.Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуу китепчеси ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратында министр Султанбек Жумагуловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу китепчеси ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловду эскерүүнү каалаган адамдар бүгүн саат 18:00гө чейин Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 78 дарегине келсе болот”, - деп айтылат маалыматта.

Жазуучу, журналист, котормочу, маданият, маалымат жана туризм министри С.Жумагулов 8-октябрда 60 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Жумагулов менен коштошуу зыйнаты эртең, 10-октябрда саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынын алдында өтөт.

Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий