• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлигинин кеңейтилген коллегиясы өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кеңейтилген коллегиясы өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коллегиянын жүрүшүндө министрликтин курамындагы маданият, маалымат, спорт, туризм, этностор аралык мамилелер жана жаштар саясаты тармагындагы жасалган иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, 2022-жылы жасала турган иш- аракеттер талкууланды.

Коллегияга Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, коллегия мүчөлөрү жана министрликтин курамындагы бардык мекеме жеткчилери катышты.

Министр Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн коллегия жалпы тармактык аткарылган иштер, чечилбей келе жаткан орчундуу маселелер, приоритеттүү жана кечиктирилгис чечүүгө муктаж болгон темараларга арналды.

Тармактык аткарылган иш аракеттер угулган соң, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баяндама жасап, алдыда кандай иш-аракеттер бар, кандай реформалар кирет жана бардык тармактардын алдыга коюуп жаткан пландары менен ой бөлүштү.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө, алгач театр оюн-зоок мекемелериндеги бүгүнкү күндөгү чыгармачылык атмосфера, жаны спектаклдери алып чыгуу, заман талабына шайкеш келген, эл суусап, көргүсү келген драмаларды, музыкалык спекталдерди жана оюн-зоокторду жогорку деңгээлге алып чыгууну мекеме жетекчилерине тапшырды. Аны менен бирге, учурда бир катар театрларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан сырткары, министр театрларга жыл ичинде төрттөн кем эмес спекталь алып чыгуу тапшырмасын берди.

Ал эми, музей багыты боюнча М. Ауэзов жана А. Осмонов атындагы үй- музейин министрликтин балансына алуу, "Сулайман-Тоо" археологиялык тарыхый- этнографиялык музей комплексин жакшыртуу, Өзгөн мунарасын Сулайман-Тоо комплексинен бөлүп чыгуу, “Манас Ордо” улуттук комплексинин жана “Ата- Бейит” мемориалдык комплексинин концепциясын жаңыдан иштеп чыгуу жана жакшыртуу сындуу бир катар иштер жасала турганын кошумчалады.

Ошондой эле кино багытында мамлекеттик тапшырыктын негизинде тарыхый жана көркөм тасма тартуу иштери пландалып, коомду жакшы жакка эрчий турган, элге руханий азык бере турган кино тасмаларын жаратуу ниети бар экенинин белгиледи.

Эл аралык кызматташуу бекемделип, 2022-жылы Казакстан, Өзбекстан жана Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, ошондой эле Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку деңгээлде катышуу керектигин айтып, зарыл болгон учурда аймактардагы мыкты маданият өкүлдөрүн программага кошууга жана иштешүүгө даяр экинин айтты.

Жыйындын соңунда 2021-жылы өз ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жеткен бир катар маданият мекемелерине министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий