• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министрлигинин кызматкерлери COVID-19 илдетинен дарыланып жаткандарга жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери пандемия шартында иш алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан жарандарга 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бекитилген алгоритимге ылайык, чогултулган каражатка кычкылтек балондору, кычкылтек редукторунун комплекттери, "кызыл зона" менен аралыкта сүйлөшүүчү рациялар, жеке коргонуучу шаймандар жана канцеляриялык товарлар менен камсыздады.

"Бул сыяктуу камсыздоону эми Маданият министрлиги үзгүлтүксүз улантат жана анын жүрүшү тууралуу маалыматарды расмий түрдө жарыялап турмакчы", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2020–жылдын 10-июлундагы чечими менен министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча жооптуу болуп бекитилген.

Чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору бөлүнгөн.

Учурда Улуттук фтизиатрия борборунда короновирус илдетин жуктуруп алган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын адистештирилген бөлүм ачылган.

Пикир

Оставить комментарий