• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлер сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыктап, министр Алтынбек Максутов өлкө боюнча маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлык ээлерин министр Алтынбек Максутов куттуктап, “Сиздер маданий мурасты кеңири жайылтып, жаратмандык эмгегиңиздер, талантыңыздар менен элге кызмат кылып келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм” деди.

Пикир

Оставить комментарий