• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият тармагындагы Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап маданият, спорт жана жаштар жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Министр Кайрат Иманалиев Казакстандын элчисине буга чейин Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Актота Раимкулова менен болгон жумушчу жолугушуулары жөнүндө айтып, Казакстандын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын аймагында Казакстандын чыгармачыл жамааттарынын жана маданият ишмерлеринин катышуусунда кыргыз-казак достугуна арналган жекече иш-чараларды өткөрүүнү белгиледи.

Ошондой эле министр Ысык-Көл облусундагы Мухтар Ауэзов атындагы музейди калыбына келтирүү жана Балыкчы шаарына Чокан Валихановдун эстелигин орнотуу долбоору боюнча биргелешип иш алып баруу боюнча сунуштарын айтты.

Казак элчиси Рапил Жошыбаев Кайрат Иманалиевге жигердүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык айтып, министр айткан идеяларды колдой турганын билдирди.

Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу боюнча талкуунун жүрүшүндө элчи курулуш үчүн жер тилкесин бөлүп бергендигин белгилеп, орнотулушу пландаштырылып жаткан эстеликтин сүрөттөрү менен тааныштырды.

Ошондой эле Рапил Жошыбаев Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга боло турган иш сапарынын алкагында китеп көргөзмөсүн жана башка иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекте Абайдын эстелигин орнотуу боюнча жүрүп, элчи курулуш үчүн жер тилкесин бөлүп бергендигин белгилеп, ан ыорнотуу пландаштырылып жаткан эстеликтин сүрөтүн тартуулады.

Мындан тышкары, маектешүү спорт жана жаштар жаатында кызматташуу болуп, эки тараптуу байланыштарды чыңдоодо казак диаспорасынын орду жана ролу тууралуу пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кайрат Иманалиев Рапил Жошыбаевге дипломатиялык миссиясында ийгилик каалап, аныкталган бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий