• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолдун курулушу быйыл күз мезгилинен тарта башталат

Коом 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕАЭБдин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек – Ош жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду куруу үчүн 20 жылдык мөөнөт менен 60 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт. Насыя үстөгү – 1 пайыз, жеӊилдетилген мөөнөт – 8 жыл.

Белгилей кетсек, Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендерде Азербайжандын «АзВирт» компаниясы жеӊип чыккан. Ал жол курулушуна 51 млн 662 миӊ доллар сураган. Жол 36 айда курулуп бүтүүгө тийиш. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол курулушун создуктуруу айыбынын өлчөмү мурдагы 10 пайыздын ордуна 19 пайызга чейин көтөрүлдү. Курулуш иштери быйыл күз мезгилинен тарта башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий