• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маданият-Жалал-Абад жолун асфальттоо иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагындагы «Бишкек-Ош» автожолунун «Маданият-Жалал-Абад» участогун реабилитациялоо боюнча долбоорунун алкагында бүгүн асфальттоо иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов баштаган тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолду курууга буйрутмачы болуп, КР Транспорт жана жолдор министрлиги, ал эми башкы иш алып баруучу азербайжандык «АзВирт» компаниясы эсептелет. Каржылоо жагы Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБ) тарабынан колдоого алынган. Анда жалпысынан 67 чакырым жолду реабилитациялоо пландалган.

2018-жылдын июнь айынан баштап курулуш иштери башталган. Курулуш иштерине жергиликтүү мекеме-ишканалар да тартылган. Тилекке каршы Евразия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгондугуна байланыштуу, иш башталгандан кийин эле токтоп калган.

Мындан улам Транспорт жана жолдор министрлиги маселени чечүүгө ар тараптуу аракеттерди көргөн, бирок 2 жылдай жол куруу иштери токтоп турган.

Быйыл 2020-жылдын жаз айларынан бери жол куруу иштери кайрадан жанданган.

Пикир

Оставить комментарий