• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмиль Токтошев, Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз эл артисттери Муратбек Бегалиев, Исрадин Аманбаев баштаган бир катар маданият ишмерлери, ошондой эле Кадыраалы Коңкобаев, Дүйшөн Чотонов жана башка коомдук ишмерлер, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жамааты, шакирттери, окуучулары катышты.

Коштошуу митингинде сүйлөгөндөр маркум Мамашарип Чотонов мыкты инсан, иштин майын чыгара иштеген өз ишинин дыйканы болгондугун оор үшкүрүү менен эскерип, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

Белгилей кетсек, Мамашарип Чотонов 8-декабрда 54 жаш курагында оорудан улам акка моюн сунган.

Ал 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий