• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, хормейстер Алим Укурчинов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. ​Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 82 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРнин Ленин комсомолу сыйлыгынын ​лауреаты жана хормейстер Укурчинов Алим Усманович​ дүйнө салды.

​Укурчинов Алим Усманович​ 1938-жылы Ысык- Көл облусунун​ Каракол шаарында туулган.

1958-жылы ​ Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижёру бөлүмүндө педагогдор В.Ф. Кальтман менен С. Юсуповдун классынан,​ Москвадагы ​ Гнесиндер атындагы музыкалык техникумдан​ ​ билим алган.

1970-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор мугалими, бир эле мезгилде республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта хормейстер жана көркөм жетекчи болуп иштеген.

Алим Укурчинов жетектеген хор Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Республикалык балдар коллективдеринин конкурсунун дипломанты жана ​ (1974), «Ырдаган үндөр» аттуу фестиваль-конкурстун жеңүүчүсү болгон. ​ Аталган хор Челябинск, Ташкен, Алматы шаарларында гастролдо болгон.

Бүткүл союздук «Мелодия» үн жазуу фирмасы тарабынан Укурчинов Алим жетектеген хордун аткаруусундагы кыргыз композиторлорунун ырлары менен хорлорунан диск-гигант табагы чыгарылган. «Бала кербез» аттуу балдар хору жыйнагынын авторлорунун ​ түзүүчүлөрүнүн бири.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРнин Ленин комсомолу сыйлыгынын ​ лауреаты хормейстер Укурчинов Алим Усмановичтин жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза- кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий