• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жадылбек Мидинов акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун талантуу режиссёру, Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият министри Кайрат Иманалиев, туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.

Жадылбек Мидиновдун сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, ал 2021-жылдын 8-августунда 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий