• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданиятка кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 04.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Маданиятка кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун министр Азамат Жаманкулов маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерди көп жылдык жана ак-ниет эмгеги үчүн өкмөттүн Ардак грамотасы жана энчилүү сааты менен сыйлаган.

Өкмөттүн Ардак грамотасы менен:

  • Дүйшембиева Гүлназ Карыбековна – А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет артисткасы,
  • Абышев Кубанычбек Насырович – Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу,
  • Базылов Данияр Мурзабекович – Чүй облусунун Жайыл районунун райондук маданият үйүнүн башчысы.

Ал эми, премьер-министрдин энчилүү сааты менен А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепкананын кызматкерлери Шабданова Чолпон Кемелбековна жана Тагаева Динара Сатыбековна сыйланды. «Маданияттын мыкты кызматкери» тɵш белгиси менен россиялык скульптор Дубровин Иван Юрьевичти сыйлады.

Эске салсак, Дубровин Иван Юрьевич акыркы жылдары Кыргызстан – Россия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштын бекемделишине негиз болуп, тарыхый – маданий эстеликтерди даярдап, Кыргызстанга белек катары берип келет.

Пикир

Оставить комментарий