• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Мадина”, “Ак-Тилек” базарлары жана “Супара” кафеси атайылап өрттөлдүбү? ИИМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Акыркы бир нече күндүн ичинде Бишкектеги “Мадина” жана Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарларында, шаардын түштүк жагындагы “Супара” этно компексинде өрт катталды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, кандайдыр бир криминалдык мүнөздөгү издер, тактап айтканда, атайылап өрттөп кетүү боюнча эч кандай белгилер жок.

ИИМдин маалыматы боюнча, 14-сентябрда “Мадина” базарында өрт чыккан. Өрт тууралуу билдирүү Свердлов райондук ИИБне болжол менен саат 23:00дөр чамасында келип түшкөн. Кырсык болгон жерге дароо Сверлов районунун, Бишкек ШИИБнин, КР ИИМдин тергөө-ыкчам кызматы барган. Өрт чыккан жердин айланасы курчоого алынып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана талап-тоноочулукту болтурбоо максатында тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Алынган маалыматтар боюнча өрт базардын батыш тарабындагы кампада башталган. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн КР ӨКМдин 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

17-сентябрда болжол менен саат 22:28дер чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге тергөө-ыкчам топ барган. Кырсык болгон аймак курчоого алынган. Өрт ӨКМдин кызматкерлери тарабынан түнкү саат 2лер чамасында өчүрүлгөн.

2018-жылдын 18-сентябрында болжол менен түнкү саат 02:28дер чамасында Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Супара” этно компексинде өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган факты боюнча окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барган. ӨКМдин куткаруучулары өрттү толугу менен таңкы саат 6:40тар чамасында өчүргөн.

Үстүдө аталган фактылардын бардыгы ички иштер органдарында каттоого алынды. Учурда катталган өрттөрдүн чоо-жайы такталууда.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Өрт учурунда видео байкоого түшүп калган тасмалардын бардыгы алынган.

Өрттөрдүн так келип чыгуу себеби экспертизалардын жыйынтыгы боюнча маалым болот.

Пикир

Оставить комментарий