• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Мадина” базарындагы өрт тигүү цехинен чыккан болушу мүмкүн – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Бишкектеги “Мадина” базарындагы өрт тигүү цехинен чыккан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда укук коргоо органдары экспетизанын жыйынтыктарын күтүшүүдө.

“Алдын ала маалыматтарга караганда өрт электр тогунун чукул туташуусунан улам келип чыккан. Ошондой эле өрт алгач коңшу тигүү цехинде чыгып, андан соң кампага өтүп кеткен болушу мүмкүн деген версия дагы каралып жатат. Учурда келтирилген зыян такталууда”, - деди Утемисов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ”Мадина” соода комплексинин кампасындагы өрт тууралуу билдирүү 14-сентябрда 22:53тө келип түшкөн. Аны өчүрүү үчүн 6 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт 04:07де толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кездемелер турган кампа күйгөн. Жалпы аянттын 1500 чарчы метр жери өрттөнүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий