• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мадмаров Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-май күнү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын коронавируска каршы көрүп жаткан чаралары боюнча пикир алышкан. Германияга Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык айтылган.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланган.

"Элчи Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигин реформалоо маселелери боюнча, анын алкагында Германия тарап глобалдык чакырыктарды эске алып, тышкы жардамдын багыттарын кедей, кризистик өлкөлөргө басым кылуу менен өзгөртүүнү пландап жатканын айтып берди. Элчинин айтымында, Кыргызстан өнүгүү деңгээли боюнча көтөрүлүп, дүйнөдөгү эң муктаж категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Ал, Германия менен болгон каржы жана техникалык кызматташуунун алкагында Кыргызстан бир топ жетишкендиктерге жеткенин белгиледи", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен билдиришкендей, элчи эки өлкөнүн экономика, айлана-чөйрөнү коргоо, маданий-гуманитардык ж.б. тармактарда, ошондой эле Европа биримдигинин, БУУ жана башка эл аралык жана каржы институттарынын алкагында кызматташуусу уланарын айткан.

Пикир

Оставить комментарий