• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мадмаров Палестинадагы кырдаал боюнча ИКУ Аткаруу комитетинин кезексиз отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кечээ, 16-майда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Түрк Республикасы жана бир катар араб мамлекеттери тарабынан демилгеленген Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу комитетинин тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Палестинадагы кырдаал боюнча кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Видеоконференция режиминде өткөн жыйынга Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин, байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын тышкы иштер министрлери катышты.

Катышуучулар Палестинадагы учурдагы кырдаалды талкуулашып жолугушуунун жыйынтыгында БУУ менен дүйнөлүк коомчулукту жаңжалды токтотуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө жана гуманитардык кырдаалды жакшыртуу боюнча шашылыш аракеттерди жасоого чакырган тиешелүү резолюцияны кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий