• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мадмаров Россиянын Ош шаарындагы жаңы дайындалган башкы консулу менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-октябрында КР тышкы иштер, тышкы соода министринин орун басары Азизбек Мадмаров Россиянын Ош шаарындагы жаңы дайындалган башкы консулу Андрей Бибишев менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Россия тарап консулдук патентти өткөрүп берди. Өз кезегинде, башкы консулга кыргыз тараптын экзекватурасы тапшырылды.

1963-жылындагы Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна карата, А.Бибишев 2021-жылдын 7-октябрынан тартып Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган консулдук чөлкөмүндө Россиянын Ош шаарындагы консулдук мекемесинин башчысы катары кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Министрдин орун басары А.Мадмаров башкы консул А.Бибишевди куттуктап, бул кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ошондой эле, министрдин орун басары А.Мадмаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Н.Удовиченкону Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынын ыйгарылышы менен куттуктады.

Кыргыз тарабы А.Бибишевдин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусу жана жогоруда аталган Конвенциядан келип чыккан артыкчылыктардан пайдалануусу үчүн зарыл болгон чараларды көргөндүгү тууралуу Россия тарабына маалымат берилди.

Министрдин орун басары А.Мадмаров Россияда кыргызстандыктардын көп саны бар экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн ортосунда кызматташтык түзүлдү, Кыргызстандын эчилиги жана анын Россиянын аймактарындагы кеңселери тарабынан бир көп иштер аткарылууда.

Ошондой эле КР Тышкы иштер министрлиги жана анын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу А.Бибишевге көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги баса белгиленди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Н.Удовиченко консулдук чөйрө тышкы саясаттын ишмердүүлүгүнүн өтө сылык багытты болуп санала тургандыгына жана бул маселени натыйжалуу чечүү үчүн өз убагында жана туура жооп берүүнү талап кыла тургандыгына көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары А.Мадмаров башкы консул А.Бибишевге ийгиликтерди каалап, мындан аркы конструктивдүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий