• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мадмаров ТИМ орун басарларынын деңгээлинде ШКУнун консультациясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги регионалдык коопсуздук маселеси боюнча консультацияга катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, тараптар аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда ШКУнун ролунун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча кызматташтыкты жакшыртуунун келечеги боюнча пикир алышты.

Министрдин орун басары Мадмаров ШКУга мүчө мамлекеттер чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү максатында ШКУнун туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч-аракеттерин мындан ары да улантуунун зарылчылыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий