• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мадриддик "Реал" клубу Поль Погба үчүн 125 миллион евро төлөөгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 12.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мадриддик "Реал" клубу Поль Погба үчүн "Манчестер Юнайтед" командасына 125 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, Погба "МЮнун" вице-президенти Эд Вудворд менен "Реал" клубуна өтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөөрүнө мадриддик клуб ишенет.

26 жаштагы футболистке "Реал" клубу 125 миллион евро төлөөгө даяр. Эгер сүйлөшүүлөр уланса 130 миллион жана бонус катары 15 миллион евро кошулуп берилет. Ошол эле учурда, "МЮ" сүйлөшүүлөрдү 170 миллиондон баштоону эңсөөдө.

Эскерте кетсек, "Манчестер Юнайтед" клубу жарым коргоочу Поль Погбаны 180 миллион евродон аз акчага башка клубга бербээрин айткан.

Пикир

Оставить комментарий