• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Реал" Мбаппе үчүн рекорддук 280 млн евро төлөөгө даяр

Спорт 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Мадриддик "Реал" франциялык форвард Килиан Мбаппе үчүн рекорддук 280 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу France Football басылмасы жазат.

20 жаштагы футболчуну "Реалдын" катарында клубдун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан жана президенти Флорентино Перес көргүсү келип жатканы айтылат.

"Реалдын" өкүлдөрү жакында трансфер боюнча ПСЖ менен сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Контракттын суммасы 280 млн евро болсо, футболчунун бир жылдык айлыгы 15 млн еврону түзөт.

Эгер Мбаппе "Реалга" өтсө, анын трансфери футбол тарыхындагы жаңы рекордду коёт.

Учурда трасфердик рекорд Неймарга таандык. Аны ПСЖ каталониялык "Барселонадан" 222 млн еврого сатып алган.

Быйылкы сезондо Мбаппе ПСЖ үчүн бардык турнирлерде 35 оюнда 31 гол киргизген.

France Football буга чейин "Реал" жайында "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар менен "Ливерпулдун" чабуулчусу Садьо Манени сатып алуу аракетин көрөт, - деп жазган.

Пикир

Оставить комментарий