• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мадумаров Баткен районунун чек ара аймактарындагы абал менен таанышты

Аймак 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун чек ара аймактарында абал менен жеринде таанышты.

Алгач, Ак-Сай айыл аймагындагы калктын социалдык маселелерин көрүп чыгып, айрым маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Айылдын сугат суу, таза суу, электр энергиясы, жерлерди трансформациялоо маселелерин чечүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында социалдык көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасынын жетишсиздиги. Бул боюнча жергиликтүү айыл тургуну өзүнө тиешелүү 22 сотук менчик жерин багы менен балдар бакчасынын курулушуна өз ыктыяры менен бергендиги айтылып, ыйгарым укуктуу өкүл, аталган балдар бакчасын курулушунун долбоорун түзүү, тиешелүү документтерин даярдоону тез арада бүткөрүү боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилигине тапшырма койду.

Ошондой эле Баткен чек ара отрядына караштуу Ак-Сай чек ара заставасында да болуп, заставадагы жоокерлердин жашоосу менен таанышып, түзүлгөн шартын карап чыкты.

Мадумаровдун андан аркы иш сапары райондун Самаркандек , Ак-Татыр айыл аймактарында улантылды. Аталган айыл аймактарында жаздын келүүсү менен жаан чачындан кийин селдин келүү коркунучу бар.

Ошондуктан аталган айыл аймактарында сел коркунучу бар жерлерде элдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы, райондук бөлүмү менен биргеликте иш алып баруусу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий