• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мадумаров Баткенде курулуп жаткан объекттердин жана эс алуу жайлардын абалын көрүп чыкты

Аймак 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен шаарында курулушу жүрүп жаткан объекттердин жана эс алуу жайларынын абалын көрүп чыкты.

Алгач Баткен шаарындагы өнөр жай талаасында болуп, ал жерде иштеп баштаган чакан заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда бул аймакта темирбетон ишканасы жандуу иштеп, шаар калкынын суроо талабын орундатып, курулуш материалдары менен камсыздоону колго алган.

Шаар мэри Мамыржан Рахимов жалпы аянты 176 гектар болгон бул жердин категориясын өзгөртүү менен трансформациялоо маселеси чечилсе, шаардын өнүгүүсүнө салым кошчу бир катар ишканалар ачылып, кошуна мамлекеттер менен биргелешкен ишканаларды куруу пландарыбыз ишке ашат деди.

Белгилей кетсек ушул тапта аймакка таштандыны кайра иштетүүчү, эмерек жасоочу ишканалар менен, айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борборлорду курууга кызыкдар болгон жеке ишкерлерден билдирүүлөр бар.

Андан ары ыйгарым укуктуу өкүл, Баткен шаарынын борбордук стадионун абалын көрүп чыкты. Өкүл стадионду оңдоп түзөө боюнча генералдык планын иштеп чыгуу менен, ичиндеги талапка жооп бербеген бассейнди жабуу, курулушу бүтпөй калган имараттардын маселесин мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле Баткен шаарындагы Манас комплекси менен, ага жанаша жайгашкан сейил бактын абалы менен таанышып, эс алуучулар үчүн мыкты шарттарды жаратууда, ишкерлер менен биргеликте иш алып барууну сунуштады.

Ошондой эле сейил бактын таза суу, сугат суу, электр энергия маселелерин чечип, түнкү жарыктандыруу, санитардык жактан тазалыкты эске алуу менен, талапка жооп берген мыкты сейил бакка айлантуунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий