• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мадумаров: Чек ара маселелерин чечүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өлкөнүн чектеш райондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-кеңешме болуп өткөн, анын жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелер, анын катарында чек арага тийиштүү маселелер да талкууланды.

«Чек ара маселелерин чечүү Өкмөттүн бирден-бир артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бюджеттеги тартыштыктарга карабастан, чектеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасында пландаштырылган пункттарын каржылоо жана ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди Акрам Мадумаров.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде Баткен облусунда логистикалык борборду куруу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий