• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, өкмөттүн мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаев кызматынан бошотулду.

Эске салсак, буга чейин Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматынын жетектеп келген, ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана Кадамжай районунун акими болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий