• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мадумаров: Суудагы коопсуздукту камсыздоо – биздин жалпы милдетибиз

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Суудагы коопсуздукту камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гана эмес, бардык кайдыгер эмес жарандардын милдети. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров суудагы коопсуздукту сактоо маселелери боюнча кеңешмеде билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

«Жайдын келиши менен ачык көлмөлөрдө эс алгандардын саны өстү. Бул ар бир адам үчүн чоң тобокелдиктерди алып келет. Көлмөлөрдүн бардыгында эле ченемдер сакталбайт, ал эми айрымдары таптакыр эле кароосуз калган. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети – жарандарыбыздын мүмкүн болушунча коопсуз эс алуусун камсыздоо. Мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлөт жана өткөн жылы кетирилген кемчиликтерди четтетүү көп убакытты албашы керек», - деди Акрам Мадумаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-январынан 23-июнга чейин республиканын көлмөлөрүндө ар кандай себептерден 35 адам чөгүп кеткен.

«Жайкы туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көл облусунда туристтердин агымы көбөйөт. Биз эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тийишпиз. Албетте, суудагы кырсыктардан толук болтурбай кое албайбыз, бирок алардын санын азайтууга күчүбүз жетет. Атайын жабдылбаган жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынары тууралуу тактачалар менен чектелбеш керек. Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкан бардык санаторийлердин жана пансионаттардын штатында куткаруучулар болушу керек. Айрыкча сезон учурунда куткаруучулардын санын көбөйтүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылы куткаруучуларды даярдоо курсунан 61 адам өткөнүн билдирди. Бул сан жетишсиз. Пансионаттар жана эс алуу үйлөрү мындай курстарды өтүү үчүн кызматкерлерин жөнөтүүгө милдеттүү жана биз адам өмүрү үчүн каражатты үнөмдөбөшүбүз керек», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Акрам Мадумаров ачык көлмөлөргө жакын жерлерде көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле суу сактагычтарга сууга түшүүгө толук тыюу салууну, сууда этият болуу чаралары тууралуу маалыматтык кампанияны активдештирүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий