• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мадумаров: Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 3 кыргызстандыктын коронавирустук инфекцияны жуктурганы аныкталганына жана райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүрүп билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, бир катар чектөөлөр киргизилген Благовещенка, Орто-Азия, Бостон калктуу аймактарына барды. Акрам Мадумаров коомдук коопсуздукту камсыздоо шарттары, орнотулган 19 өткөрмө пункттун иши менен таанышты.

Ал коронавируска кабылган үч кыргызстандыктын саламаттыгы тууралуу медицина кызматкерлери менен сүйлөштү.

Мындан тышкары вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында облустук штабдын жыйыны өттү. Облустук түзүмдүк мамлекеттик органдардын жетекчилери жасалып жаткан иштер боюнча отчет беришти. Жыйындын жыйынтыгы менен калктын саламаттыгын сактоо боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.

Райондо бардык зарыл болгон санитардык чаралар күчөтүлдү. Жергиликтүү бийлик өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин убактылуу киргизилген чектөө боюнча, үй карантининде жүргөн учурдагы эреже жана өздүк гигиена боюнча сунуштары жана талаптары жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Сузак районун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууда.

Вице-премьер-министр жарандардын саламаттыгы үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында жарандар менен иштөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Сузак районунда жарандардын коопсуздугу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөн. Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу, Сузак районунун аймагына кирүүнү, ошондой эле районго кирүүгө райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө сыяктуу чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий