• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча видео-конференц-байланыш режиминде кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү чечүүдө комплекстүү мамилени талап кылган бир катар маселелер бар.

«Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселеси – актуалдуу маселе, бул багыт комплекстүү мамилени талап кылат. Алдын алуу чараларынан көбүнесе адамдардын коопсуздугу, ошондой эле жаратылышка зыян келтирүүнү, материалдык зыянды азайтуу көз каранды. Биз бардык өтө кооптуу тилкелердеги алдын ала коргоо чараларын өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруубуз керек. Жергиликтүү бийлик органдары коркунуч бар жерлерден жарандарды көчүрүү маселесин чечүүгө зор көңүл бурушу зарыл. Бул кыйла татаал маселе, бирок үзгүлтүксүз иш жүргүзүү шарт. Мындан тышкары турак жайларды камсыздандыруу иштерине артыкчылыктуу маани берүү абзел. Бул чара өзгөчө кырдаал зыян келтирген шартта жарандарга компенсация алууга мүмкүндүк түзөт», - деди Акрам Мадумаров.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева соңку табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, алдын алуу иш-чаралары жана турак жайды камсыздандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн аймактарында, айрыкча өзгөчө кооптуу зоналарда турак үйлөрдү камсыздандыруу чараларын активдештирүүнүн, ошондой эле ар кыл ирригациялык объекттердин абалын тийиштүү көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ӨКМ, Финансы министрлигине, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине жана бир нече тармактык кызматтарга тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий