• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мадумаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чек арадагы абалга байланыштуу кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облустун күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча координациялык кеңеш өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кеңешмеде Мадумаров эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетишилген макулдашууларга ылайык, кабыл алынган протоколдун негизинде иш-чараларды жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ал, чек аралаш аймактын тургундарына, буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашуулар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, делимитация жана демаркация маселелери жүрө элек, такталбаган аймактарда мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо, ар дайым коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Мадумаров, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылында орун алган окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын, мындай окуялардын кайталанбашы үчүн алдын алуу чараларын көрүү керектигин айткан.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяга байланыштуу эки тараптын тынымсыз сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында абал турукташып, чыр чатакка себеп болгон кошуна Тажикстан Республикасы тарабынан жүрүп жаткан курулуш иштерин токтотуу макулдашылган. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал тынч.

Пикир

Оставить комментарий