• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маевка айылында тургундардын мүлкүнө массалык кол салган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.20.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Маевка айылында жашоочуларын мүлкүн жок кылуу аракетинде массалык кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1990-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“ИИМ менен Чүй облустук ИИБнын ыкчам-иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнү издөөдө комплекстүү жумуш жасалып, ар бир үйдүн короосу текшерилип, тургундар суралган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттин жыйынтыгында кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Кийинки иликтөө иштерин Чүй ОИИБси жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий