• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маевка айылында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Маевка айылынын Жаш Гвардия көчөсүндөгү №104-үйдүн жанында айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан 1947-жылкы С.А., аттуу жаран алган жаракатынан жеринде каза болгон.

"Чүй облустук милициясы кырсыктын күбөлөрүн издейт. Айдоочу тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0312 44-64-22, 0707 75-87-20", - деп айтылат маалыматат.

Пикир

Оставить комментарий