• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маевка айылындагы “Агрокурулуш” ишканасынын аймагында мыйзамсыз майнинг-ферма табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Маевка айылындагы “Агрокурулуш” ишканасынын аймагында жайгашкан мыйзамсыз майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майнинг-ферманы кароодон өткөргөндө криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган контейнер табылды. 2019-жылда “Агрокурулуш” ЖАК, майнинг-ферманы кошкондо 283 миң кВт/саат электр энергиясын керектеген.

“Түндүкэлектр” ААКка майнинг-фермага электр энергиясын берүүнү токтотуу жана майнинг-ферманын электр тармагына мыйзамсыз кошулуусуна жол берген Аламүдүн районунун райондук электр тармактарынын кызматкерлерине катаал тартиптик чараларды көрүү тапшырылды.

Азыркы учурда Улуттук энергохолдинг тарабынан майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу механизмдерин түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, криптовалюта өндүрүү кымбат баалуу жабдыктарды жана ири өлчөмдөгү электр энергиясын талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий