• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Мага байлыктын кереги жок" — Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу президент!

— Саламатчылык!

— Соӊку учурдагы коомчулук кызуу талкуулап жаткан, анын ичинде эӊ эле маанилүү делген суроолорго жооп алалы деп иш бөлмөӊүзгө келдик. Уруксат берсеӊиз анда маегибизди баштай берсек. Алексей Ширшовго байланышкан талкуулардын аягы азыркыга чейин токтобой келет. “Ширшовдун схемасы” деген сөздөр парламенттин жогорку трибунасынан тартып, социалдык тармактарда да айтылууда. Бул боюнча сиздин комментарийиңизди уксак.

— Биринчиден, парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент - сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.

Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт.

Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.

Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту.

— Ушул теманы улай эле талкууну, анын ичинде кайсыл бир деңгээлде кооптонууларды жараткан дагы бир тема – Санариптик өнүгүү министрлигине бир катар мекемелерди өткөрүп берүү демилгеси. Кеп “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банк тууралуу. Ал дагы айрым депутаттардын, активисттердин кооптонууларын пайда кылды. Кайра эле “Ширшовдун схемасы ишке ашуудабы” деген күмөн ойлор айтылып жатат?

— Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, "Аягы суюк кайнене келининен шек санайт" болуп атат.

Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.

Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин.

Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою "цифровизация, цифровизация" деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” кур жалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.

Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык.

Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик.

"Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) "Дастан" ачык акционердик коомунун милдети:

- маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;

- менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;

- мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;

– өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;

⎯ өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;

⎯ байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;

- Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2) "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун милдеттери:

⎯ Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;

⎯ Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;

- санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;

⎯ санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;

⎯ маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;

⎯ мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;

⎯ Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;

⎯ байланыш каналдарын оптималдаштырат;

⎯ кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;

3) "Евразиялык сактык банкы" ачык акционердик коомунун милдети:

- Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы.

Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

- Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

- Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз (күлүп).

Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди "распил" кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында "распил" кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай "распил" жок. Мен жогоруда айткандай "распил" кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың. Ошондуктан мейли ким кыйкырып чыкпасын, ызы-чуу болбой өзүңөр анализ жасаганды унутпагыла.

— Азыркы тапта актуалдуу делген темалардын дагы бири “Кумтөргө” байланыштуу. Жакында эле Бишкек шаардык соту “Центеррага” карата экологиялык каржылык дооматтарды четке какты. Бул чечим коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Айрымдар “Центеррага экологиялык зыянды төлөтүш керек дегендердин башында Садыр Жапаров турбады беле? Бул жагы кандай эми?” дешүүдө. Чын эле, сиз өзүңүз Кумтөрдө экологиялык зыян болуп көрбөгөндөй ири өлчөмдө экенин тынбай айткандардын сап башында болчусуз да...

— Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес.

Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем.

Ал эми коомчулуктун арасында нааразычылык айтып жүргөндөр “Кумтөргө” жумушка кире албай калган же эскилиги жеткен менчик техникасын киргизе албай жүргөн анча-мынча шылуундар бар. Биринчиден, “Кумтөр” каалоочулардын баарын ишке ала бергидей резина эмес. Экинчиден, нааразы болгондордун эски техникаларын, "41-жылкы" иштебеген буровой станокторун ишке киргизип коюп, жел акча алып жүргөн баягы “Кумтөр” жок. “Кумтөр” мындан ары мамлекеттики. Азыр ар бир тыйын, ар бир техника көңүл чордонунда, ушуну унутпагыла. Техникаңдын “Кумтөргө” пайдасы барбы, алат, пайдасы жокпу, баш тартат. Канадалыктар жаман үйрөтүптүр баарын. Кыйкырып чыгам, жолду тосом десе эле каалаганын кылып, иштебеген станокторун “Кумтөргө” киргизип коюп, ал үчүн акча төлөп берип жүрүшүптүр. Мындан ары ушундай көрүнүштөр уланса, эки жак тең “Кумтөр” да, жеке тарап да жоопко тартылышат, камалышат. Ошол үчүн “Кумтөр” тарап толгон-токой коррупциялык иштерден баш тартып жатат. Албетте, бекер жеп жүргөн “жеминен” ажырагандар нааразы болуп жатышат.

— ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылууда. Ага мүчө болгон мамлекет башчыларынын жыйыны онлайн-форматта өтүп, уюмдагы өнөктөш өлкө башчылары Бишкекке келбей калышты. Эмне себеп?

— Пандемиядан бери дээрлик баардык жыйындар онлайн өтүп жүрөт. Мен эле он чактыдай онлайн жыйынга катыштым. Андан сырткары, Россия менен Украинанын чырынан улам ЕАЭБдин курамындагы Россия президенти менен Беларусь президентинин өз өлкөлөрүн таштап кетпеси түшүнүктүү да.

— ЕАЭБ демекчи, сырттагы мекендештерибиздин бир бөлүгү дал ушул өлкөлөрдө, тагыраагы, Россияда. Коронавирус пандемиясы деле басаңдагандай болду, мигранттар үчүн автомобилдик, темир жол каттамдары качан ачылат?

— Темир жол каттамы 6-июндан баштап ачылат. Ал эми автомобиль каттамы дагы жакын арада ачылат.

Көпчүлүктү кызыктырган суроо болсун. Доллардын куну төмөндөөдө. Бирок ошол эле учурда бензинге да, башка азык-түлүккө деле, дегеле товарларга баалардын төмөндөп кетүүсү байкалбайт. Сиздин пикир?

— Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат.

— Өткөндө конуштардын биринин жашоочулары менен жолугушууда Бишкекте быйыл 15 мектеп, 5 бала бакча салынаарын айткансыз. Ошонун баарын салып үлгүрүшөбү? Үлгүрүшсө да аз убакытта шашып, анан сапатына терс таасир этпейби?

— Биз биринчи кезекте сапатын текшерип анан кабыл алабыз. Сапаты начар болуп калса, изилдөө иштерин баштайбыз. Мурдагыдай тааныш-билиштик кылып тапшырып кетмей деген жок.

— “Ак-Ордо” конушуна барганыңызда ал жактын тургундары турак жайларына документтерин апрелге чейин алыш керектигин айтып, жеринде тапшырма бердиңиз эле. Тургундар ЖМК аркылуу сиздин тапшырма аткарылбай жатканын айтып чыгышты. Кабарыңыз барбы, эми кандай болот?

— Кабарым бар. Апрелге чейин техпаспортторун алып бүтүштү. Эми кызыл китебин ала башташты. Айрым үйлөр кызыл сызыкка салынып калганы үчүн же үй-бүлө ажырашып кеткендигине байланыштуу талаш-тартыш маселелер жаралып, кызыл китеп ала албай жаткан учурлар бар. Аларды сот аркылуу же сүйлөшүүлөр аркылуу чечиш кажет.

— Мугалимдердин эмгек акысын болуп корбогондой көтөрүп салдыңыз. Башка тармактарга качан көтөрөсүз?

— Мугалим – мөмөлүү дарак деп бекер айтылбайт. Ошондуктан, биринчи кезекте мугалимдердин жашоо турмушуна көңүл буралы дедик. Антпесек акыркы убактарда балдарыбыздын билим деңгээли абдан төмөндөп кетти. Мугалимдерибизге жакшы шарттарды түзүп берсек, алар талыкпастан иштеп, балдарыбызга мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде билим беришээр деген үмүт.

Ал эми калган тармактарга 1-октябрдан тартып көтөрөбүз. Кыскасы бул жылы эмгек акыбыз аз деген теманы жаап, эмдиги жылдан баштап бир гана экономиканы көтөрүү, элдин жыргал жашоосун камсыз кылуу менен алек бололу деген планыбыз бар.

— “Камбар-Ата-1” ГЭСин курабыз деген маселе көтөрүп жатасыздар. Өз күчүбүз менен курууга кудуретибиз жетеби же өнөктөштөрдү издейбизби?

— Өзүбүз курганга деле күчүбүз жетет. Бирок көп убакытты, көп каражатты талап кылат. Ошондуктан быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин жакында баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине кошуна Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан, эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот.

— Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок жымсалдабай айтсак, Россия тарап бул жолдун курулушуна каршы экендигин эксперттер билдирип келишет. Эгер чын эле Россия тарап каршы болсо эмне үчүн каршы? Бул жол аларга зыян алып келеби?

— Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда "Саптай албай ийнеден көрөт" деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз "туңгуюк" мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот.

— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!

— Рахмат, силердин да ишиӊерге ийгилик каалайм!

Пикир

Оставить комментарий