• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мага жолугушуунун структурасы жана ыктыярчылардын курамы жакты - Рыскулбеков президент менен болгон жолугушуу тууралуу

Коом 0

Бишкек, 21.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан ыктыярчылар жана активисттер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө ыктыярчылар өз ишмердүүлүктөрү учурунда дуушар болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтууга жана бир топ маанилүү суроолорду берүүгө мүмкүндүк алышкан.

Өлкө башчысы менен болгон жолугушуу кандай өңүттө өткөндүгүн "Элим барсыңбы" ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү Эркин Рыскулбеков айтып берди.

"Жалпысынан мага жолугушуунун структурасы жана ыктыярчылардын курамы абдан жакты. Анткени, ар дайым бийликти мактап турган "дежурный" адамдар болгон жок. Мага жаштардын баарын ачык-айкын жана сын-пикир айткандары жакты. Алар жада калса ким күнөөлүү экендигин жана чечүү жолдорун айтышты, бул абдан жакшы", - дейт Рыскулбеков.

Анын айтуусуна караганда, эки саатка созулган жолугушуунун жүрүшүндө президент айтылган сындарды туура кабыл алып, ыктыярчылардын сунуштарын укту.

Пикир

Оставить комментарий