• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. 15-19-июнь күндөр аралыгында Вена шаарында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңешинин 1542-сессиясы виртуалдык форматта өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси өз сөзүндө, COVID-19 пандемиясына карабастан, Агенттик өзөктүк материалдарды кыянаттык менен пайдалануунун жана башка максаттарда ядролук технологияны колдонуунун алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын колдонууну улантып жаткандыгын айткан. Ал МАГАТЭнин жаңы демилгеси − Зооноздук оорулардын козгогучтарын аныктоого, мониторинг жүргүзүүгө жана эрте табууга багытталган ZODIAK долбоору ("Зооноздук оорулар менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер") жөнүндө маалымат берген.

“Кыргыз Республикасынын делегациясы МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин сессиянын күн тартибиндеги үч маселе боюнча сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов өз сөзүндө Техникалык кызматташуу программасы өзөктүк энергияны тынчтык жолу менен колдонууга көмөктөшүү үчүн маанилүү кызматташтык механизми экендигин белгиледи. Ал башкы директорго пандемиянын өнүгүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Жусупов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын “Табият чек араларды билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору” аттуу резолюциянын долбоору боюнча Кыргызстандын демилгеси жөнүндө кеңешке маалымат берген. Аны менен бирге БУУга мүчө мамлекеттерди долбоордун демөөрчүсү катары катышып, демилгени колдоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий