• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Магнитогорскидеги жарылуу: Жээнбеков Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 01.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Магнитогорскиде газ жарылып, турак үйдүн подъезди урап, адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалаарымды жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий