• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Магнитогорскто сегиз кишини куткарган өзбекстандык Орусияда медаль менен сыйланды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. 6-февралда Орусиянын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский өзбек жараны Оламафруз Абдуллаевге «Жакшылык кылууга шашылгыла» деген медаль тапшырды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Оламафруз Абдуллаев 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы үйдүн урандыларынын алдынан сегиз кишини алып чыккан. Ал куткаруучулар келгенге чейин эле адамдарга жардам бере баштагандардын алгачкыларынын бири болгон.

5-февралда Өзбекстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунда Оламафруз Абдуллаевге өзбек ТИМ башчысынын атынан баалуу белектер ыйгарылып, ардак кагазы берилген.

Мындан тышкары «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы ага Екатеринберг — Ташкент багытына бекер билет берген.

2018-жылы 31-декабрда Могнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, 39 киши мерт болгон. Анда Орусиянын Тергөө комитети жарылууга тиричилик газы себеп болгонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий