• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Май айында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Кыргызстандагы жолугушуулардын жүрүшүндө ушул жылдын май айында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумун уюштурууну талкуулады.

Уюмдун сайтында маалымдалгандай, кыргыз тарап форумдун талкуу программасынын долбооруна жана бизнес бөлүгүнө өз сунуштарын киргизди. Программалык комитеттин жетекчиси катары Сергей Глазьев кабыл алуучу тарапка ЕЭКтин сунуштары, ошондой эле форумду уюштуруу жана программаны толтуруу боюнча комиссиянын алдыдагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

ЕЭК министри өлкөнүн президенти – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров, КР министрлер кабинетинин төрагасы – өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин биринчи орун басары – ЕЭК кеңешинин төрагасы – Арзыбек Кожошев менен жолукту.

Тараптар бирдиктүү бажы аймагында товарлардын өтүү эркиндигине тоскоол болгон тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жеңүү маселелерин, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнесин жана үчүнчү өлкөлөргө экспортту колдоо маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий