• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майда COVID-19 менен ооругандардын саны өткөн айга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйдү

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын майында жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 9,6 миңден ашык учур катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны:

Бардыгы

Калктын 100 миңине

март

апрель

май

март

апрель

май

Кыргыз Республикасы

2 377

7 621

9 625

36

116

146

Баткен облусу

14

35

60

3

6

11

Жалал-Абад облусу

92

144

212

7

12

17

Ысык-Көл облусу

177

356

610

35

71

122

Нарын облусу

43

101

227

15

35

78

Ош облусу

44

86

175

3

6

13

Талас облусу

2

41

90

1

15

33

Чүй облусу

683

2 174

2 241

71

225

232

Бишкек шаары

1 286

4 558

5 580

121

428

524

Ош шаары

36

126

430

11

40

135

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын майында коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын 60% пайызга жакыны Бишкек шаарына, ал эми 23 пайызга жакыны - Чүй облусуна туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын майында калктын 100 миңине алганда ооругандардын апрелге салыштырмалуу саны - 1,3 эсеге, ал эми март айына салыштырмалуу - 4,1 эсеге көбөйгөн

Пикир

Оставить комментарий