• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт: Себеби жана материалдык чыгым такталууда

Коом 0

Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Оштогу “Градиент” май алмаштыруучу жайындагы өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо иши жүргүзүлүүдө. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай өрттүн натыйжасынан:

1.Темир устундуу шифер жабылган 180 чарчы метр май алмаштыруучу жайдын чатыры, 200 литрлик май куйуучу челектер (саны такталууда) күйгөн.

2.Аянты 144 чарчы метр техникалык тейлөө сервисинин ички жыгач жасалгасы, автоунаанын тетиктери, кыймылдаткычтары, дөңгөлөктөр (саны такталууда) күйгөн.

3.Темир устундуу шифер жабылган 360 чарчы метр “Градиент” май алмаштыруучу жайдын чатыры, 200 литрлик май куйуучу челектер (саны такталууда) күйгөн.

Өрт кырсыгы катталган жерге жалпысынан 6 бөлүм жана 1 автоунаа шатысы тартылып, өрт саат 23:12де чектөөгө алынып, саат 01:18де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий